“Мага класстык чиндин кереги жок”- дейт Данияр Тербишалиев
Жогорку Кеңештин 14-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди берүүнү жоюу демилгеси кызуу талаш-тартыш жаратты. Бул мыйзам долбоорун колдой турганын депутат Данияр Тербишалиев билдирди.
“Класстык чин берүүнү токтотолу деп чечим кабыл алышыбыз керек. Чинди алганда айлыгына 2000 сом кошулат экен. Эмне ошол 2000 сом менен байып кетебизби? Өлкөнү өнүктүрөлү десек, ишти өзүбүздөн баштайлы. Кызматкердин жакшы иштеп жатканын башка жолдор менен деле бааласа болот”,- дейт Тербишалиев.
Мыйзам кабыл алынып калса, 2014-жылы күчүнө кирмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

