super.kg logo

Франция Кыргыз өлкөсүнө 115 миң доза Moderna вакцинасын берди

 

Өлкөгө коронавируска каршы Moderna вакцинасынын 115 миң 200 дозасы жеткирилди. Вакцина Франциянын өкмөтү тарабынан берилип, COVAX механизми менен келгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"COVID-19 пандемиясынан улам Кыргыз мамлекети дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле саламаттыкты сактоо тармагында масштабдуу кризиске туш болду. Биз баарыбыз эмдөө - COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек. Биргелешкен аракет менен биз коронавирустук пандемияга туруштук бере алабыз деп ишенем", - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Франциянын элчиси Франсуа Делаус өлкөнүн өкмөтү COVID-19га каршы вакциналарды бөлүшүүнү артыкчылыктуу милдет кылып койгонун белгиледи.

"Франция стратегияны ишке ашырууга жигердүү катышып, 2022-жылдын июнь айынын аягына чейин 120 миллион доза вакцинаны жардам катары берүүгө даярдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө 67 миллион вакцина таратылды", - деди элчи.

Бул вакцина 18 жаштан жогоркуларга колдонулат. Эмдөө алуунун ортосундагы интервал 28 күн болушу керек. Бишкектин тургундары үчүн Moderna вакцинасы эки күндүн ичинде жеткиликтүү болот, аймактарга 10 күндүн ичинде жеткирилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: