super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ди-джей Ж.Айдаралиевдин өлүмүнө күнөөлүү адамдын абактан эмне үчүн бошоп кеткенине кызыгышты

 

Бүгүн, 14-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов ди-джей жана “Тумар” радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер Максат Эралиевдин абактан бошотулушу боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтып чыкты. 

 

Айтымында, Жогорку Сот кылмышкердин эмне себептен бошотулганын түшүндүрүүсү керек. “Соттор чыгарган чечими үчүн жооп берсин. Бул маселени парламент жыйынында талкуулашыбыз керек”,- дейт Абдрахманов. 

 

Эске салсак, 2011-жылы 16-октябрда 23 жаштагы Ж.Айдаралиев “Мото” соода борборунун айланасында сабалган. Оор жаракат алган ал ооруканада өзүнө келе албай каза тапкан. Кийин анын өлүмүнө күнөөлүү М.Эралиевди сот 14 жылга кескен, бирок жакында бошотулганы айтылган болчу. Буга чейин SUPER.KG порталы анын өлүмүнө себепкер деп кармалган кылмышкердин бошотулганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: