Екатеринбургда жол талашып чырдашкан Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду
Екатеринбургда жеңил унаа менен коммерциялык автобустун айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Анда автобустун айдоочусу жеңил унаанын айдоочусун бычак менен коркутканын орус басылмалары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, Екатеринбургда жеңил унаа менен автобустун айдоочулары жол талаша кетип, экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжал 16-ноябрда орун алып, окуяны күбөлөрдүн бири видеого тартып алган. Окуя болгон күнү айдоочулардын бири да милицияга кайрылган эмес. Бирок видео социалдык тармактарга жарыяланып, милиция ага көңүл буруп, эки айдоочуну тең тапкан.
"Көрсө, автобустун айдоочусу атаандашын өлтүрөм деп коркуткан экен. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрөм деп коркутуу” беренеси боюнча 40 жаштагы Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду", - деп аймактык ички иштер башкармылыгы билдиргени жазылат маалыматта.
Автобустун айдоочусу эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал Кыргыз жараны экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















ЕАЭСтин Мин жерден Мучосу болсон да(((