Эксперттер Apple аппаратын плёнка жана клейдин жардамы менен бузуп киришти

Маалыматка ылайык, интернетте плёнка жана клейдин жардамы менен заманбап Apple аппараттарындагы манжа издери аркылуу жашырылган купуяны кантип ачуу керектигин көрсөткөн кыска видео жарыяланды. Бул үчүн киберкоопсуздук боюнча адистери манжа изинин ылайыктуу сүрөтүн табышы керек болгон.
Алгач алар Apple аппаратынын ээсинин манжа изи так сакталган бетти табышкан. Photoshop функциясынын жардамы менен манжа изинин сүрөтүн тартып, андан кийин плёнкага басып чыгарган. Андан соң сүрөттүн үстүнө кадимки жыгач желимди куюшкан (клей). Желим кургагандан кийин натыйжасы басма сыяктуу дизайн болгон.
Жыйынтыгында даяр болгон дизайнды алып Apple аппаратын, ноутбугун ачып көрүшкөн. Бирок алар жасалма манжа изи дайыма эле иштебей турганын, бирок 80 пайыз ишенимдүү түрдө тааныйт деп эсептесе болорун белгилешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.