Dior мода үйү аялдын сулуулугун бурмалаган сүрөтү үчүн кечирим сурады

"Dior компаниясы ар дайымкыдай эле кытай элинин сезимдерин сыйлайт, кытай мыйзамдарын так сактайт, коомчулукка коюлган бардык искусство чыгармаларын карап чыгуу жана бекитүү үчүн тиешелүү бөлүмдөр менен иштешет. Эгерде кандайдыр бир ката болсо, биз ар дайым комментарийлерди угуп, анан катаны өз убагында оңдоого даярбыз. Dior компаниясынын кытай коомуна жана керектөөчүлөрүнө болгон чын ыкластуу ниети өзгөрүлбөйт", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Ал эми сүрөтчү өзү Кытай жараны экенин жана өз мекенин сүйөрүн баса белгилеп, чыгармаларында Кытайдын кооздугун, маданиятын чагылдырууну каалаганы менен, анын визуалдык тили али өнүгө электиги жана эмгеги маңыздуу болбогону үчүн кечирим сураган.
Коомчулукта нааразылык жараткан сүрөт Шанхайдагы Lady Dior көргөзмөсүндө коюлган. Сүрөттө кытайлык аял улуттук кийими менен Dior компаниясынын бренд сумкасын кармап түшкөн.
Буга чейин колдонуучулар мода үйүн азиат түспөлүндөгү айымдын сүрөтүн жарнамалаганы үчүн сынга алышкан. Аны кытайлык сүрөтчү Чен Мэн тартып, Шанхайдагы көргөзмөгө койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Medina87

26.11.2021. 02:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытай деп Биз менсинбегениьиз менен Кытайлыктар Кыйыыын)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.