Кыргызстандык дзюдочулар жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна машыгуу сборун өткөрүшөт
Дзюдо боюнча Кыргызстандын жаштар жана өспүрүмдөр курама командасы жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугуна машыгуу сборун өткөрүшөт. Бул тууралуу КРнын дзюдо федерациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жаштар курама командасы 14 күн аралыгында Нарында машыгуу сборун өткөрүшөт. Азия чемпиондугуна даярданып жаткан курамга 19 дзюдочу кирген.
Эске салсак, Азия чемпиондугу ушул жылдын 11-13-декабрь аралыгында Кытайдын Хайнань шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.