super.kg logo
  Спорт  

“Крузейро” клубу футбол боюнча Бразилиянын чемпиону аталды

 

Футбол боюнча Бразилиянын чемпиондугунун бүтөрүнө 4 тур калганда өлкө чемпиону аныкталды. Бул тууралуу бразилиялык басылмаларда кабарланды. 

Маалыматкы ылайык, “Крузейро” футболдук клубу 13-ноябрь түнү “Витория” командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алган. Мелдештин жыйынтыкталарына 4 тур калганда “Крузейро” сезон алкагында топтогон упайларынын санын 72ге жеткирип, мөөнөтүнөн мурун чемпиондукту камсыздады. Анын эң жакын атаандашы “Атлетико Паранаэнсе” 58 упай топтоп, 2-орунда келе жатат.

Эске салсак, бул “Крузейронун” тарыхындагы 3-чемпиондугу. Бразилиялык клуб  буга чейин 1966-жылы жана 2003-жылы  өлкө чемпиону аталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: