super.kg logo

Орусиядагы шахтанын жарылуусунан 52 адам каза болду. Анын арасында куткаруучулар бар

 

Орусиянын Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен 52 адам, анын ичинде алты куткаруучу каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шахтадагы жарылуунун себеби коопсуздук эрежесинин сакталбашы болгон. Мындан улам метан жарылып, 52 адам каза болду. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кендин 47 жаштагы директору, анын 59 жаштагы биринчи орун басары жана 36 жаштагы участоктун жетекчиси кармалган.

Бул факты боюнча “Коркунучтуу өндүрүш объектилеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Буга шектүүлөр жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Листвяжная" шахтасынын аймагында издөө иштери бүгүн, 26-ноябрь күнү таңга маал токтотулду. Шахтадагы метандын концентрациясы жогорулап жатат. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: