Уругвай жана Мексика курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жарым-жартылай камсыздашты
13-ноябрда футбол боюнча 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында континенттер аралык оюндар болуп өттү. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Анда Түштүк Америкадагы тандап алуу турунда 5-орунду ээлеген Уругвай курама командасы Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу турунда 5-орунду ээлеген Иордания курама командасы менен беттеш өткөрдү. Беттеш 5:0 эсебинде уругвайлыктардын жеңиши менен аяктады.
Ал эми дагы бир континенттер аралык беттеш Мексика менен Жаңы Зеландиянын ортосунда өтүп, анда 5:1 эсебинде мексикалыктар утуп алышты.
Жыйынтыгында Мексика жана Уругвай курама командалары биринчи оюндун жыйынтыгы менен Дүйнө чемпиондугуна жолдомону 90 пайызга камсыздай алышты. Жооптук оюндар 20-ноябрда өтөт.
 0 
		
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














