super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок"

 

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңештин жыйыны өтүп жатат.

"Айрым кызмат адамдары өлкөдө кардиналдуу өзгөрүүлөр болгонун түшүнүшкөн жок. Алар мурдагыдай эле кызматтык укуктарын пайдаланып, кайсы бир депутатка же саясий бирикмелерге жардам бере алабыз деп ойлошкон. Өзүңүздөр жакшы билгендей, мындай кызмат адамдарына колдонуудагы мыйзамдардын негизинде
чара көрүлүп, айрымдары ээлеген кызматынан кечиктирилгис түрдө бошотулду. Бул көрүлгөн чараларды туура деп эсептейм. Шайлоо процессине кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу иштери бардык деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Мындай иштер УКМК менен ИИМ тарабынан шайлоочуларга таасир этебиз деп ойлогон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата дагы жүргүзүлүп жатат. Биз мындай фактыларга чечкиндүү, оперативдүү жана эффективдүү түрдө бөгөт коёбуз", - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: