super.kg logo

"Кальмар оюнун ашып өттү". Түштүк кореялык "Тозоктун чакыруусу" сериалы Netflix сервисинде популярдуу болууда

 

Netflix сервисинде 19-ноябрда старт алган Түштүк кореялык "Тозоктун чакыруусу" (Hellbound) аттуу мини-сериалы эң популярдуу долбоор болуп калды. Бул көрсөткүчү менен ал Netflix сервисинин учурдагы хити болгон "Кальмар оюну" (Түштүк Корея) сериалын ашып өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, "Тозоктун чакыруусу" сериалы чыккан биринчи күнү эле дээрлик 80ден ашуун өлкөдө эң көп көрүлгөн сериал катары рейтингдин сап башына чыккан.

Сериалдын режиссёру Ён Сан Хо (буга чейин белгилүү "Пусанга кетчү поезд", "Сеул станциясы" тасмаларынын жаратуучусу).

"Тозоктун чакыруусу" сериалы Түштүк кореялык комикстин негизинде тартылган. Сериал 2023-жылды чагылдырат. Анда адамдарга кайсы күнү каза болору тууралуу так маалымат келип баштайт. Күнөөгө баткан адамдарды тозокко алып кетүү үчүн табияттан тышкаркы жандыктар келишет. Болуп жаткан окуялар массалык түрдө диний фанатизмге алып келе баштайт. Сериал 50 мүнөттүк 6 эпизоддон турат. Бул сериал эл аралык Торонто кинофестивалына коюлган алгачкы кореялык долбоор болуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: