Ырчы Нурлан Насип ата-энесине той берип, жол тандабас белек кылды
Белгилүү ырчы Нурлан Насип 25-ноябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде апасы Тамара Раимбекованын туулган күнүн белгилеп, ата-энесине той берди. Салтанатка үй-бүлөнүн жакындары, туугандары, достору, санаалаштары катышты.
Тойдун башталышында ырчы мырза ата-энесин бир туугандары менен "Ата-энем" ырын ырдап алып кирди. Кечеде Нурлан Насиптин чыгармачылыктагы достору келип, тамадалык тизгинди ырчы, тамада Кубаныч Баркалбасов башкарды.
Кеченин аягында ырчы ата-энесине жол тандабастын акыркы үлгүдөгүсүн белек кылып, бир туугандарынын атынан экендигин кошумчалады.
Нурлан Насип ата-энесине жол тандабас белек кылды
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















