super.kg logo
  Саясат  

Космосбек Чыдынов: "Добушуңду сатпа, кадыр-баркыңды сакта!"

 

“Альянс” партиясынын талапкери, кыргыз телесинин жүзү Космосбек Чыдынов Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун эли менен жолугушуу маалында 2 күндөн кийин өлкөнүн 5 жылдык тарыхы чечилерин эскертип, шайлоочуларды туура тандоо жасоого чакырып өттү.

“Даанышман, кыраакы журтубуз туура тандоо жасап, татыктууларды шайлап алат деген ишеничтемин! Арзыбаган дүнүйөгө азгырылбай, акыл калчап иш кылган талапкерлерди тандап ал, элим! Бир айга жакын убакыттан бери кичи мекеним Өзгөн районунун аймагын түрө кыдырып, үгүт иштерин жүргүздүм. Жалпы журттун шайлоонун таза өтөрүнөн үмүтү чоң. Демек, таза шайлоо ар бирибизден көз каранды! Сиздердин талаптарды, сунуштарды уктум. Эгер парламентке шайланып келе турган болсом, жергиликтүү маселелерди өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, аны жолго коюуга болгон аракетимди жумшайм. Албетте, биздин курам билимдүү, тажрыйбалуу инсандардан куралгандыктан, ар бир маселени тыкыр иликтеп, аны чечүүгө кудуретибиз жетет. Бир ай бою мени колдоп, мага ишенип ак батасын берген элиме ыраазычылык билдирем”, – деди Космосбек Чыдынов.

АЛЬЯНС - 3 - БИР КҮЧ!
Космосбек Чыдынов – 35

Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109. Нускасы 1. Буюртмачы: "Альянс" саясий партиясы. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: