super.kg logo
  Саясат  

Президент башкы прокурордон "Мамлекеттин аброюн булгаган прокурорлордон тазалануу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?" деп сурады

 

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Анда президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевден "Мамлекеттин аброюн булгаган прокурорлордон тазалануу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?" деп сурады.

Курманкул Зулушев: "Эки факты боюнча иш катталды. Бир жыл ичинде тазалануу иштери жүргүзүлдү. Ар бир кызматкер боюнча келген маалыматтар боюнча иш жүргүзүп келгенбиз. Иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 6 айдын ичинде тазаланат", - дейт.

Садыр Жапаров: "Тазалангыла. Бир жылда эмгек акыңарды көтөрүп беребиз деп сизди тааныштырып жатканда айттым эле. Эмгек акыны көтөрүү маселеси каралып жатат. Прокурор кызматкерлеринин жетиштүү деңгээлде жашоосу бар", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: