УКМК: "Шайлоодон кийин бийликти басып алуу максатын койгон адамдар кармалды"







Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууга максат коюп жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
"Аныкталган адамдар боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.
Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.
Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразычылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.
Бул максатта кылмыштуу топ бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразычылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган", - деп билдирди УКМК.
Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында ушул жылдын 26-ноябрында УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.
Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.
кошулду



Терминатордун куралы го. Туура. Ташиев озу да бийликти басып алган
Эми жаны шылтоо табылыптыр да, олкону саздан сууруганы убакыт керек деп. Садырдын чирик кадрларын карап туруп эле, алдыдагы жылдар олко саздан чыкпай эле, кайра сазга кобуроок батып кетээри корунуп турат.
Элдин алтын-кумушун бийлик онго солго чачканда элден сурап отурбайт. 30 жылда мамлекет озу бир завод же бир фабрика курган жок. Элди ойлоп эмне иш кылды? Эл кайра бийликти багып келет. Элге оорчулугун салгыдай бийлигин ким?!
Куйугуп бул жерде сасыбай жоон тиричилигинерди кылгыла.
Мамлекеттен эч нерсе умутонбойм только стабилдуулук болушун кана каалайм.
Андай эле мээнер ашып мамлекетке жабышкан ооруну дарылай турган рецептинер болсо чыгаргыла коройлу ошол конкретуу иш болот,а так бул жерде жан талашып жазганын "филькина грамота".
Ооруканага барсан, мектепке барсан, бакчана барсан баары пара менен. Пара бербесен ишин бутпойт.
Корупция дейсин ал болуп келген жана боло берет,адамдардын сущность ушундай.
Же силерде идялдуу вариант барбы кооз создор мн кылган ишинер топ келеби?Кантип,кайсы ресурстар мн мамлекетти онойсунар?Энергетикалык каатчылыктан тез арада кантип чыгасынар?
Кантип нефть ,азык тулук,жбус баасын арзандатасынар?
Айткылачы жолу барбы?
Энергетикага келсек, жайында сууну сатпоо керек. Окмот алдыга пландар коюп, ар 5 жылда бирден жаны ГЭС куруп туруу ке
Нефтини арзан алуу учун ар турдуу варианттардын устундо иштоо керек. Казахстан, Туркменистан ж.б. менен да.
Тилек Шаолинь эмесмин. Бирок Тилекти илгери популист деп эсептесем, Жапаров деле популист экен. Куру убаларды бере берет экен, аткарылбаган куру убадаларды. Элден 1 жыл убакыт сураган. Бир жыл отту, элдин жашоосу онолмок турсун кайра артка кетип жатат......
Ач коз болуп кеттик эч нерсе жакпай,тооба кылгыла кичине!!
Тушунбогон адамга тушундуруп не пайда ит уро берет кербен журо берет.
Адекватный адам аз экен бул сайтта орустар айтмакчы "озабоченный" торт адам бар экен бир кассетаны коюп алган.