super.kg logo

Орусияда шахтадан чыккан өрт: Өлдү делинип "Эрдик" ордени менен сыйланган адам тирүү табылды

 

Орусиянын Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен каза болду деп эсептелген адам тирүү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тирүү табылган адам куткаруу взводунун командиринин жардамчысы Александр Заковряшин болгон. Ал шахтада түнөп, таңга жуук өз алдынча чыгууга аракет кылган. Заковряшиндин абалы оор, азыр ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кечээ, 25-ноябрда Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасынан өрт чыгып, 52 адам каза болгондугу кабарланган. Алардын бири Заковряшин. Ал тургай Заковряшин өлдү делинип "Эрдик" ордени менен сыйланган.

Шахтадагы метандын концентрациясы жогорулап жаткандыгына байланыштуу издөө иштери таңга маал токтотулган. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: