super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Акыркы 10 жылдын ичинде шайлоого баюу максатын көздөгөндөр аттанышкан"

 

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, акыркы 10 жылдын ичинде шайлоого баюу максатын көздөгөндөр аттанганын айтты. "Салык төлөбөгөн, салыктан качкан, көмүскө бизнеси үчүн ашыкча префенцияларды алуу, издерин жашырып кетүү сыяктуу арам ойлорун ишке ашыруу максатын көздөгөндөр Жогорку Кеңешке активдүү аттанышкан. Шайлоого мамлекеттен катып жүргөн акчаларынын баарын чачышкан.

Айрым партия лидерлери: акча топтоо менен шайлоону өзүнчө баюу булагына айландырышкан, олигарх сезе башташкан, так талашууга чейин жетишкен. Ошол эле учурда партия ичинде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы унутулуп, ич ара кагылыштар күч алган.

Ал эми бийлик башында тургандарды көмүскө кирешесинен тапкан “сол чөнтөктөгү” каражаттары менен сатып алып турушкан. Демек, бийлик ушундай көмүскө лидерлерге аргасыз көз каранды болуп калган. Мамлекеттик салык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген: башкасын айтпасак да - алкоголго, бензинге акциздер чогултулбай калгандыгын билебиз.

Мамлекетибизде депутат болуу үчүн атайылап мыйзамдар бузулган. Ал эми депутат болгондон кийин мыйзамдарга массалык түрдө өзгөртүүлөр киргизилген, салыктардан бошотулушкан", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: