super.kg logo

10 кылмыш ишине катыштыгы бар. Чүйдө жалпы суммасы 235 миң сомду түзгөн зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү аталган райондогу дагы 10 уурулук фактысына катышы бар экендиги аныкталды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 24-ноябрда Ысык-Ата РИИБине Ново-Покровка айылынын 33 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адамдар үйүнүн эшигин талкалап кирип жалпы суммасы 235 миң сом болгон алтын буюмдарын уурдап кеткендиги кабарланган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси (Уурдоо) менен каттоого алынды.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы фактыга шектелип мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ш.Т. аттуу жаран кармалды. Сотко чейинки өндүрүштө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен моюнга алып, уурдалган алтын буюмдарды кайтарып берди. Мындан тышкары анын 10 уурулук фактысына катыштыгы бар экени такталды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: