super.kg logo

Маевкада 5000 сом берип жаткан жеринен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүтчүсү кармалды

 
Чүйдүн Маевка айылында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Анда үгүтчүлөр элге 1000 сомдон сунуштап жаткан дешет ИИМдин маалымат кызматынан.
"Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө Жаңыл жана Эрлан аттуу үгүттөөчүлөр талапкер тарабынан алдын ала акча каражаты бериле турганын билдирип, тизменин негизинде шайлоочуларды алып келүүнү суранып жана ар бир шайлоочу үчүн 1000 сомдон бере турганын билдиришкен. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө, тергөө иштери башталган.
25-ноябрда Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 1965-жылы туулган Б.А. аттуу үгүттөөчү М.М. аттуу жаранга 5000 сом акча берип жаткан жеринен кармалды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Маевка айылында жайгашкан штабда кароо жүргүзүлүп, үгүттөөчү Б.А`га тиешелүү үгүт материалдары, жарандардын жана үгүттөөчүлөрдүн тизмелери алынды.
Б.А. сурак учурунда чынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына Аламүдүн шайлоо округунан талапкерге үгүттөөчү катары иштээрин, аны менен расмий түрдө келишим түзүп, салык кызматынан патент алгандыгын, 40ка жакын башка үгүттөөчүлөрдү иштетип жатканын жана өздүк эсеби аркылуу 255 миң сом алып башка үгүттөөчүлөргө таратып бергендигин билдирди. Ошондой эле анын жанынан кошумча 51 миң 500 сом алынды.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Б.А. Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: