Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын атасы Садыр Жапаровго кайрылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиевге видео аркылуу кайрылды.
Анда ал коомчулуктан жардам сурады.
"18-ноябрда түштөн кийин 9 жашар Сумая кызым мектепке кеткен боюнча кайтып келген жок. Ошол күндөн бери милиция кызматкерлери менен чогуу бирге издеп, бүгүн 8-күн таба албай жатабыз.
Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, сиздерден жардам сурайм. Көңүл буруп койсоңуздар.
Элге, милиция кызматкерлерине рахмат, тынбай иштеп жатышат. Бардык аймактарда жашагандар, кызымды көрүп калгандар болсо кабарлап коюуңуздарды суранам", - деди Сулайманов.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Сумая Хосилжанованы көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кайрылса болот.
кошулду
Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын атасы Садыр Жапаровго кайрылды









1 |