super.kg logo
  Саясат  

Жаштарга жол! Депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларына кайрылуу жасады

 

Бир мандаттуу №27 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров шайлоочуларына кайрылуу жасады.

"Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо алдындагы жарыш аягына чыгып бара жатат. Ал төрт жумага созулуп, абдан кызыктуу өттү. Командабыз менен Ленин районун толугу менен жөө кыдырып, ар бир тургундун эшигин кагып чыктык. Үгүт иштеринин жүрүшүндө элге жалган убадаларды берүүдөн сактанып, эл менен диалогдорду курдук. Миңдеген тарапташтарды жана пикирлештерди таап, Жогорку Кеңеште натыйжалуу иш жүргүзүүгө жардам бере турган жакшы база түзүп алдык.

Кадырлуу Ленин районунун тургундары! Кайдыгер карабай, убактыңыздарды бөлгөнүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сиздер менен биргеликте райондун, шаардын жана бүтүндөй өлкөнүн өтө олуттуу маселелерин талкуулап алдык. Көптөгөн көйгөйлөр бар, бирок аларды чечсе болот. Ар бир иштин башталышында колдоого ала турган менин ишенимдүү командам бар. Ал эми келечектеги ишимде мен чындап ишене турган сиздер барсыздар. Депутат болгондон кийин сиздердин пикириңиздерге, сунуштарыңыздар мага жеткиликтүү болот. “Элдик депутат” деген атка татыктуу иш алып баргым келет.

Шайлоого кош көңүл карабоону жана добуштарды сатпоону суранам. Келечегибизди көрө билип, жаш талапкерлерге өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берели. 28-ноябрда мени колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм. Бир мандаттуу бюллетендеги номерим 9. Өзгөрүүлөрдүн мезгили келди!

Урматым менен, Жаныбек Абиров".

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбекович. Аткаруучу: "Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. "ыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ахметбекова Асел Аширалыевна тарабынан төлөндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: