super.kg logo

Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон "Республика" партиясынын мүчөсү Үмүтхан Тыналиевага карата кылмыш иши козголду

 

“Республика” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 24-ноябрь күнү Бишкек шаардык прокуратурасына №186-бала бакчанын башчысы Д.Ж.Майгулакова “Республика” партиясынан шаардык кеңешке талапкер У.М.Тыналиевага карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү ушундай эле арыз менен Ленин райондук билим берүү борборунун директору С.К.Кенжебаева кайрылган. Укук коргоо органдарынын тергөөсүнүн жыйынтыгында талапкер У.М.Тыналиева Бишкек шаарындагы кафелердин бирине №77 жана №84-мектептердин директорлору М.Дүйшөков жана Д.Иманалиева, ошондой эле №186-бала бакчанын башчысы Д.Майгулакованы жолугушууга чакырып, 30 миң жана 60 миң өлчөмүндөгү акча берген. Жолугушууда У.Тыналиева чакырылгандарды №№1019, 1020, 1021, 1022 шайлоо участкаларынын мүчөлөрү жана төрагалары менен сүйлөшүп, шайлоо күнү чечимди “Республика” партиясынын пайдасына чечип берүүсүн талап кылып коркуткан. Ошондой эле Тыналиева 23-ноябрь күнү С.Кенжебаевага телефон чалып коркутуп, эгер берилген иштер аткарылбаса, кийин жумушуна зыяны тийип каларын айтканы аныкталды. Текшерүү учурунда акча алгандар Тыналиевага акчасын кайра кайтарып беришти. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 314-беренеси (мыйзамсыз иштерге пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 

Маалымат үчүн: Үмүтхан Тыналиева буга чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: