super.kg logo
  Саясат  

Дебат: Талапкерлер өлкөнүн ички жана сырткы коопсуздугун камсыздоонун жолдорун белгилеп, талибдер тууралуу ойлорун билдиришти

 

Бүгүн КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин дебаты өтүүдө. Анда талапкерлерге "Борбордук Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселеси дегенде Ооганстанда бийлик башына келген талибдер тууралуу сөз козголуп келет. Сиздердин партия өлкөнүн сырткы коопсуздугуна таасир эте турган факторлор деп эмнелерди эсептейт? Андай коркунучтардан коргонууну күчтөөнүн жолун кайдан издейт?" деген суроо узатылды.

"Мекенчил Эл" партиясынын жообу: "Өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу дегенде талибдер бийликке келгенге чейин деле өзүбүздөгү Баткен окуясы бар эле. Аларды (ред.: талибдерди) өтө эле душман катары пропаганда кылбай, ошол эле учурда дипломатиялык мамилелерди да үзбөстөн ортодогу бардык карама-каршылыктарды сүйлөшүү жолу менен чечүү туура деп ойлойм.

Ал эми коргонуу жагынан алганда аскердик даярдыктарды ар дайым бийик деңгээлде кармап турушубуз керек. Армиябыз күчтүү болуш керек. Ошондой эле эл аралык аренада бардык талаш-тартыштарды дипломатиялык жол менен чече билген адистер керек деп ойлойм".

"Багыт" партиясынын жообу: "Албетте, биринчи кезекте аскерлерибизди күчтөндүрүш керек. Япония сыяктуу армияны жана экономиканы бекемдеп, анан өзүбүздүн үстүбүздөн иштешибиз керек деп ойлойм. Ошондо сырткы күчтөр коркунуч жарата албайт.

Ал эми Ооганстан боюнча айта турган болсок, бул эми динге байланыштуу нерсе. Биз элге салттуу динди жакшылап таратып, аларга каршы турушубуз керек".

"Легалайз" партиясынын жообу: "Бардык көйгөйлөр каражат маселесинен эле башталат. Муну негизинен Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги чечиши керек. Биз эч нерсе айта албайбыз".

"Социал-демократтар" партиясынын жообу: "Коопсуздук маселеси негизинен компотенттүү адамдар бийликке келгенде гана чечилет деп ойлойм. Мындай көйгөйлөрдүн бардыгын билимдин жана дипломатиянын жолу менен чече алабыз. Эгерде башка өлкөлөр менен мамилебизди жакшыртсак, анда коопсуздук маселеси боюнча кооптонуунун кереги жок".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: