super.kg logo

Коронавирустун жаңы штаммына ат берилди

 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы В.1.1.529 штаммынын аталышын грек тамгасы менен "omicron" деп атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ПЦР-тесттери омикрон штаммдарын таанууга жөндөмдүү. Коронавирустук инфекциянын жаңы штаммынын пайда болушу менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19га каршы эмдөөлөрдү көбөйтүүгө чакырды.

Түштүк Африка, Ботсвана жана Гонконг коронавирустун башка варианттарына караганда патогендүү болушу мүмкүн болгон B.1.1.529 деп аталган COVID-19 жаңы штаммынын он учурун аныкташты. Ал 32 мутацияны камтыйт, айрымдары вакциналарга жогорку өтүмдүүлүгүн жана туруктуулугун көрсөтүп турат жана башка бардык COVID-19 варианттарына караганда протеинде көбүрөөк өзгөрүүлөргө ээ.

Omicron - грек алфавитинин 15-тамгасы. Латын тамгасы O жана кириллица O тамгасынан алынган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы штаммын изилдөөгө бир нече жума талап кылынарын айткан. Ошондой эле Израилде B.1.1.529 коронавирусунун жаңы штаммына чалдыккан биринчи учур катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: