super.kg logo

Чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүнү көздөгөндөр кармалды

 

26-ноябрда УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз жүк ташуучуларды аныктады.

"Баткен облусунун Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан 1989-жылы туулган У.О. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Чек арачы унааны текшерүү учурунда 1 тонна азот-фосфор жер семирткичтери «Аммофос» табылган. Айдоочу жүктү Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ошол эле күнү Чоң-Кара анклавынан (РУз) чыга бериште УКМКнын чек ара отряды Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1976-жылы туулган С.А. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Айдоочу 1500 килограмм карбамид минералдык жер семирткичти алып өтүүгө аракет кылган. Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: