super.kg logo

Тажикстандын Хорог шаарында элдик толкундоо өлүм менен коштолуп, күч алууда

 

Тажикстандын Бадахшан облусунун административдик борбору Хорог шаарында 25-ноябрдан бери элдик нааразычылык акциясы өтүүдө. Бүгүн, 27-ноябрда абал курч бойдон экендигин Тажикстандын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясы бейшемби күнү 29 жаштагы жергиликтүү тургун Гүлбиддин Зиёбековду полиция кармап жаткан жеринен каза болгонуна байланыштуу башталган. Хорогдо кырдаал курч бойдон калууда, Хорогдогу нааразычылык акциясына чыккандардын айрымдары талаптарын аткарууну талап кылып, 25-ноябрдын кечинен бери тарай элек. Митингчилердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү аракетинен азырынча жыйынтык чыга элек. Жума күнү кечинде митингчилер беш укук коргоо кызматкерин жарадар кылып, алардын кызматтык куралдарын тартып алышкан.

Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусунун прокуратурасы 25-ноябрда Шохдар айылында укук коргоо органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 181-беренесинде каралган кылмыштарды жасаган деген айып менен издөөдө жүргөн Зиёбековду кармоо операциясы жүргүзүлгөнүн тастыктады. Ага Тажикстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмү "уюшкан кылмыштуулук" жана 3-бөлүмү "улуттук, расалык, аймактык же диний кастыкты козутуу" боюнча күнөө коюлган.

Бейшемби күнү кечинде Гүлбиддин Зиёбековдун жакындары жигиттин сөөгүн Хорог акимчилигинин алдындагы аянтка алып барып, камакка алуунун жана өлтүрүүнүн себебин айтууну талап кылышкан. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулган. Ошондон кийин окуяга күбө болгондордун айтымында, тартип сакчылары жыйында ок чыгара башташкан.

Тажикстандын ИИМинин маалыматы боюнча, бейшемби күнү камакка алуу учурунда Зиёбеков укук коргоо кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүп, мыйзамсыз алып жүргөн тапанчадан ок чыгарган. Ал жооп кайтарган октон жарадар болгон. Бирок айрым маалыматтарга караганда, Зиёбеков кийин ооруканада каза болгон.

Азырынча толкундоодон үч адам көз жумганы белгилүү болду.






Тажикстандагы толкундоодон көз жумгандар бар

Тажикстанда элдик толкундоо күч алууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
27.11.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Рахмоналини айдагыла сасытпай мыкаачы.
27.11.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахман ит аткандай ататко булар токтотпосо!!!
27.11.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин олкодо да аманчылык болуп шайлообуз тынч отсун.
27.11.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Хорогтун Эли Таджикистанда баш ийбеген жалгыз Памирилер автоном кылабыз деп дагы коп арекет кылып журушот ушул Памирилер Кыргызга окшош коркпогон калк Эмомалини ушулар кулатпаса калганын жеринин элинин духу жетпейт
28.11.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumahmatov,мен да ошентип ойлрйм, хорогдогулар вообще башкача эл.
27.11.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жактан пайда жок Душанбени басып алгыла ана Эшек рахмон кетет. Бизден уйронсонор
28.11.2021. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тоолу балахшан Афганстан менен чектешкт Талиптерден тарткылада Рохмонбайды куугула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: