super.kg logo

Блогер Гусейн Гасанов унаа белек кылган Кыргыз жараны менен кайрадан жолукту

 

Блогер Гусейн Гасанов автоунаа белек кылган Кыргыз жараны Эген Апсаматов менен кайрадан жолугуп, үй-бүлөсү менен таанышты.

Блогер жолугушуу учурунда түз эфирде болгон. Анын айтымында, ал Эген Апсаматовдун ал-акыбалын көргөнү келген. Алар белекке берилген унаа турган унаа токтотуучу жайдан жолугушкан.

Апсаматов жакшы иштеп жатканын айтып, ага өкмөттөн телефон чалышып, колдоо көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле анын жубайы да ыраазычылыгын билдирип, кызынын жашоосу өзгөргөнүн айтты.

Кыргыз жараны блогерге беш жашар кызына операция жасатуу керектигин, анын кулагы жабык төрөлгөндүктөн угуусу начар экенин айткан. Блогер Апсаматов тартылган видеону жарыялагандан кийин миңдеген колдонуучулар Кыргыз жаранын куттуктап, айрымдары кызынын операциясына жардам сунушташкан. Мындан улам анын үй-бүлөсүнө жардам берүүнү каалагандар үчүн аккаунт ачылган.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны бекер жеткиргени үчүн Эген Апсаматовго унаа белек кылганын Инстаграм баракчасына жарыялаган. Видеодо көрүнгөндөй, сапар учурунда ал киши Москвада карызын төлөп, кызынын операциясына акча чогултуу үчүн иштеп жүргөнүн айткан.

Буга чейин Эген Апсаматов SUPER.KG порталына маек берген.






Блогер Гусейн Гасанов автоунаа белек кылган кыргыз жигити менен кайрадан жолугушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
27.11.2021. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Гусеин молодец!
27.11.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кыргызстанга чакырып Кой сойуп, беш бармактан тойгоз эми Гусеинге. Мунун улуту орус эмеско э?
27.11.2021. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Андан коро ошо акчаны оругандарга берсе болмок
27.11.2021. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
ChagyIgan7,кайсы акчагы айтып атат ногу
28.11.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар биз ушундай көралбас калк экенбиз да. Эмне үчүн жөн гана жакшы каалоо тилек айтып койсок болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: