super.kg logo

Этникалык кастыкты козутууга шектүү жаран кармалды. Видеону интернетке жүктөгөн бала Орусияга кетүүгө аракет кылган

 
Бишкекте этникалык, расалык, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип 2 адам кармалды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашат.
Башкармалыктан билдиришкендей, социалдык тармактарда европа тектүү жарандын кайрылуу түрүндөгү видеосу тараган. Анда 30-35 жаш чамасындагы жаран башка улуттун өкүлдөрүн ачык эле басынтып, өлкөдө тыюу салынган Ислам мамлекети террордук уюмунун ишмердүүлүгүн актаган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө 1996-жылы туулган П.В. аттуу жаран аныкталып, тергөөгө алып келинди. Ал сурак учурунда күнөөсүн моюнга алды. Андан аркы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Н. атуу жаран видео жаздыруу кылып, аны социалдык тармакка жүктөгөнү белгилүү болду. Кийинчерээк милиция кызматкерлери 2003-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды кармашты. Ал жоопкерчиликтен качуу максатында социалдык тармактагы аккаунтун өчүрүп, Орусияга кетүүгө билет алып койгону аныкталды. Аты аталган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми видеого экспертиза дайындалды", - дешти маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: