Бүгүн, 14-ноябрда Ксения Палкина Казакстандагы Эл аралык мелдештин жарым финалында ойнойт
Бүгүн, 14-ноябрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстанда өтүп жаткан Эл аралык мелдеште 2 беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Палкина өзбекстандык Альбина Хабибулаева менен жуптукта жарым финалында чыгуу үчүн казакстандык Камила Керимбаева жана өзбекстандык Сабина Шарипова жуптугу менен ойнойт.
Ал эми жекеликте кыргызстандык теннисчи мелдештин чейрек финалында орусиялык Анастасия Рудакова менен кез келет.
Эске салсак, мелдеш Астана шаарында өтүп жатат. Мелдештин байге фонду 10 000 долларды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.