Шайлоо: Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бирине бет кабына мөөр басылган адамдар келди
Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине бет кабында мөөр басылган адамдар добуш берүү үчүн келишүүдө. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Байкоочулар Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесинде медициналык бет кабында мөөр басылган адамдардын тобу келгенин билдирүүдө", - деп жазды Бекешев.
Эске сала кетсек, №1117 шайлоо тилкеси Бишкектин Жантөшев көчөсүндөгү Кыргыз улуттук консерваториясында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.