super.kg logo

"36 мандат үчүн". Бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлоого 286 талапкер ат салышууда

 

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 286 талапкер катышууда. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, каттоонун аяктоо этабында БШКга бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү боюнча 381 арыз келип түшкөн. Анын 91,6 пайызын эркектер түзсө, 8,3 пайызын аялдар түзөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн 381 талапкердин ичинен 330 талапкер БШКнын каттоосунан өткөн. 51 талапкер каттоодон өткөн эмес, 330 талапкердин ичинен 43 талапкер жеке арызынын негизинде шайлоого катышуудан баш тартышкан.

2021-жылдын 23-ноябрына карата республикада бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого 286 талапкер катышмай болду.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 36 талапкер;
  • Ош облусу – 44 талапкер;
  • Жалал-Абад облусу – 45 талапкер;
  • Талас облусу – 12 талапкер;
  • Чүй облусу – 58 талапкер;
  • Бишкек шаары – 26 талапкер;
  • Нарын облусу – 26 талапкер;
  • Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.

Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы мыйзам боюнча өтөт. Анда жалпысынан 90 мандат берилсе, анын ичинен 54 талапкер ат салышып жаткан партиялардын ачык тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке өтөт. Бул ирет жалпысынан 21 партия ат салышып жатат. Ал эми 36 мандат бир мандаттуу шайлоо округдан чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.11.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 эле депутат жетет эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: