super.kg logo

"Үстүндө кийими жок абалда табылды" Сумаянын өлүмү боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кечээ жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад-Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук такси жана 78 менчик таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларда да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумая бир дагы видеокамерага түшкөн эмес.

Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБинин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү жана маалыматтар башка аймактарга да таратылган.

27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБине балык уулап жүргөн Сузак районунун 1967-жылы туулган тургуну телефон чалып Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.

Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин жетекчилиги барган. Суунун жээгинен 8-12 жашар кыздын жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган. Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар байкалган эмес.

Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.Текшерүү иштеринен кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Учурда тергөө кызматы тарабынан ар кандай божомолдордон турган иш мерчемдер иштелип чыгып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
28.11.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкуш Бейиштин кушу болуп кете бериптирда!!!
28.11.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оздорунун колу коншу , душмандары кылган окшоит, Ата энесинде очу бар Бир зоокур! Табылып Омур бою турмодо чирип олсун!
28.11.2021. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aika2013,өзү таныган эле бирөө кылатда душман башка жактан ушул кызга келип эмне анчалык жамандык кылыптырбы бул кыз башка жактагы бирөө келбейт ТАНЫБАЙТ жаш баланы ошол Сузактагы эле чыгат допрос кылса
28.11.2021. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Козумо жаш келип ыйладым, бата кылдым бейишинди сурадым... Балапаным, аман эсен табылды деген жанылык окуйм деп кирдим эле... Бейишине алсын, ата энесине сабыр тилеймин. Жалган маалымат тараткан аялды да жазалагыла
28.11.2021. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Egizderim-baktim, эмне деп жалган маалымат таратты эле
28.11.2021. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Органы жок табылды деп маалымат тараткан
3 кун мурун.
29.11.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдардын келечегин ойлоп митинге чыгыш керек,жазаны женил берип балдар кор болду Кыргызстанда.Шайлоону токтотуп мына эл чогулуп ушул окуянын аягына чыгарышын талап кылуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: