super.kg logo

Режиссёр Сүйүн Откеев шайлоо эрежелерине нааразычылыгын айтты

 

Сүйүн Откеев бүгүн жарандык милдетин аткаруу үчүн катталган шайлоо тилкесине добуш берүү максатында барган. Ал жердеги айрым жагдайлардан улам Сүйүн мырза өзүнүн ою менен бөлүштү.

"Ар шайлоо биздин үй-бүлө үчүн чакан майрамдай. Барып татыктуу талапкерди шайлап келебиз. Себеби алдыдагы 5 жылдык жашообуздун сапаты ошол депутаттардан көз каранды. Добуш берүүгө өзүм эле барбай, балдарымды да ээрчитип алып бардым. Улуу кызымды да ээрчитип алгам. Атайын социалдык тармактар үчүн "шайлоого келгиле, катышкыла, кайдыгер карабагыла" деп видео отчёт жасамакмын. Анан телефонумду кызыма берип, шайлоо процессин видеого жана сүрөткө тарта бер дедим. Ошентип ал сырттан тартып баштады. Анан кабинада бош бланканы тартып жаткан. Бир убакта бир эже келе калып эле телефонду жулуп алды. Артынан дагы бир киши келди. Андан соң аймактык тескөөчүнү чакырышты. Кызым нес болуп калды. Көрсө, кимди шайлап жатканыңды тартпашың керек экен, дегеле ичинде видео тартпаш керек дешти. Ал нерсеге мен да көңүл бурбаптырмын. Макул тартпайлы, бирок бир коркунучтуу кылмышкерди кармагандай дүрбөлөңгө алдырышып, ызы-чуу кылып жибергенине түшүнбөй калдым. Жөн эле эскертип койсо "ии, макул, кечиресиз" деп акырын шайлап алып чыгып кетмекпиз. Анан телефонду алып, ыкчам чара көрүүчү топту чакырабыз дешти. "Чакыргыла, бирок батыраак келишсин, кызымды бир жерге алып бармакмын, шашылышмын" дедим. Ошентип жарым саат күтүп отурдук.

Дал ошол убакта бир гезиттен журналисттер жазып калышты "Сүйүн байке, шайлоого бардыңызбы" деп. "Бардым, бирок кайра кете албай отурам, чыкканда жазып коём" дедим.

5-6 байкоочу кирип бир нерселерди толтуруп кетишти. Ал аңгыча 5-6 милиция кызматкери кирип келди. Мен өзүмчө кубанып отурам, Кыргыз өлкөбүз өнүгүп жатыптыр, ылайым бардык нерсе ушинтип тыкылдап иштеп турса экен дедим.

Анан тиги келгендерге элди шайлоого чакыра турган видео отчёт тарткам деген түшүнүк кат жазып бердим. "Байке, эми видео тартпай эле коюңузчу, тынч эле жүрөлүчү" деп кетишти. Макул деп тарткандарымды өчүрүп салдым.

Мен негизи кимди шайлаганымды көрсөтмөк деле эмесмин. Бирок ошол жерде бир суроо пайда болду. Кабинанын ичинде шайлоочулар кимди шайлаганын видеого тартканга уруксаты жок болгону менен 10 секунддан кийин сыртка чыгып, кимди шайлаганын айта алышат экен. Логика кайда? Шайлоочулар шайлоого чейин деле, шайлоодон кийин деле кимди шайлаганын айтып жатышпайбы. Эми ошол шайлап жаткан учурда эмнеге айтса же көрсөтсө болбойт? Каалаган киши айтсын, эгер каалабаса ансыз деле айтпайт. Баса, бул мыйзам добуштарды сатып алуу үчүн чыкпаса керек деп ойлойм. Силер кандай деп ойлойсуңар, туугандар? Видеого тарткандын зыяны барбы?", - деп айтылат режиссёрдун билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
28.11.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зыяны барда тартып алып Акча бер дешип кайра еле байлар келмек
28.11.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Логика кайда дейтко бул? Логика ошол фото видео доказательства болот, а сенин "баланчаны шайладым" деп айткан сөзүң эч нерсеге жарабайт. Ырас сабак болуптур сага билип жүр нааразы болбой
28.11.2021. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туштон кийин билбей калыптырбыз деп олумуш боло беришет... Ким бироодон жен ичинен акча алса керек да.....

Шайлоону чагылдыргын келсе журналист бол......
28.11.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal10, биз билбейбиз билгибизда келбейт нааразы адамды кудай сүйбөйт биличуу жана таза жана сулуу эң мээримдүү бул жалгыз Аллах Аллахтан башкасы адашат ошондой болот ыйманы алсыз дикий кем акылын көрүнүп турат сен жинди канага же даватка барышын керек
28.11.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fernando_Torres, бийликтин жугундукору... Мжжси айныган ашынган диний радикал. Динден адашкан талибан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: