Шайлоо: Орусиянын үчүнчү шаарында добуш берүү аяктады. Алдын ала жыйынтык
Орусиянын Хабаровск шаарында дагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун добуш берүүсү аягына чыкты. Бул шаардагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, бул шайлоо тилкесинде эң көп добушту 23 добушу менен "Ата Мекен" партиясы алган. Экинчи орунда 22 добушу менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы турса, үчүнчү орунга 18 добушу менен "Ыйман-Нуру" партиясы жайгашкан.
Буга чейин Орусиянын Сахалин аймагында дагы добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтык жарыяланган. Көп өтпөй эле Владивосток шаарындагы шайлоонун жыйынтыгынын сүрөтү социалдык тармактарга тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.