super.kg logo
  Саясат  

Эртең менен Түркмөнстанга кеткен Садыр Жапаров өлкөгө кайтып келди (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Ал Бишкек шаарына кайтып келгенин президенттик администрациядан маалымдашты.

Сапардын алкагында мамлекет башчы Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз өлкөсү менен Түркмөнстандын президенттери соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечектеги пландарды белгилешти.

Мамлекет башчысы экономикалык кызматташтык уюмунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде гидроэнергетика тармагында өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты түзүүнү сунуштап, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары Садыр Жапаров уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлерин экономикалык өсүштө жана чөлкөмдү өнүктүрүүдө экономика үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникациялар, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болууга үндөдү.

Саммиттин жыйынтыгында экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары жыйынтыктоочу документти кабыл алышты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандан кийин жумушчу сапары менен Ашхабад шаарына делегациянын курамы менен учкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: