ИИМ: Сабалган адвокат Икрамидин Айткуловдун телефону, 10 миң доллары жана 7 миң сому жоголду
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы катуу сабалган адвокат Икрамидин Айткуловдун iPhone үлгүсүндөгү телефону, 10 миң доллары жана 7 миң сому жоголгонун билдирди. Бул ишти ички иштер министри Абдулда Суранчиев жеке көзөмөлүнө алыптыр. "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, И.Айткуловду 13-ноябрь күнү кечинде өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Учурда жабырлануучу ооруканада, анын буту, тиштери сынганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

