super.kg logo
  Саясат  

"Сиздердин колдооңуздар менен биздин партия алдыга озуп чыкты". "Ата-Журт-Кыргызстан" партиясынын лидери кайрылуу жасады

 

"Ата-Журт-Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Айбек Маткеримов элге кайрылуу жасады. Ал шайлоого катышкан жарандарга ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда өлкө келечегине кайдыгер карагандар дагы болгондугуна токтолду.

"Баарыбыз күткөн убакыт акыркы мүнөттөрүнө келип жетти. Алдын ала шайлоонун жыйынтыктары чыгып отурат. Биздин өзүбүздүн өлкөбүзгө кайдыгер карабаган жарандарыбыз баары келип, өз добуштарын берди, бирок дагы кээ бир жарандарыбыз биздин өлкөнүн келечегине кайдыгер карап койду. Баарыңарга терең ыраазычылык билдирем, бул шайлоо биздин келечегибизди тандоо болду. Сиздердин колдооңуздар, түз көз караштарыңыздар менен биздин партия алдыга озуп чыкты. Кудай буйруса, биз сиздердин ар добушуңуздарды барктайбыз, урматтайбыз", - дейт Айбек Маткеримов.






"Ата-Журт-Кыргызстан" партиясынын лидери кайрылуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: