Тайырбек Сарпашев: “Өлкөдөгү 880 от казан үч жылдык долбоордун негизинде оңдоп-түзөөдөн өтөт ”
14-ноябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүй облусундагы ишканалардын кышка даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Анда өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү Кубанычбек Кулматов баяндама жасады.
“Токмок, Кара-Балта, Кант шаарларындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады. Бардык от казандар текшерүүдөн өткөн, аларда эч кандай мүчүлүштүктөр жок”,- дейт Кулматов.
Ал эми вице-премьер-министр Сарпашев от казандарды мазуттан көмүргө өткөрүү маселесине да токтолду.
“2013-жылы Чүй облусундагы 8 от казан көмүргө өткөн. Буларга жалпы 24 миллион сом сарпталган. Бул ишти дагы улантыш керек”,- деди ал.
Сарпашев өлкөдөгү 880 от казан үч жылдык долбоордун негизинде оңдоп-түзөөдө өтөрүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

