Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жарандардын 34.39 пайызы катышты
Кечээ, 28-ноябрда болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы шайлоочулардын 34.39 пайызы катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
БШК билдиргендей, өлкөдөгү шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 703 миң 420 адамды түзөт. Ал эми кечээ болуп өткөн шайлоого жалпы 1 миллион 273 миң 557 адам катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 34.39 пайызын түзөт.
БШКнын алдын ала маалыматы боюнча алты партия 5 пайыздык босого чектен өттү. Бир мандаттуу округдардан кимдер жеңгени да белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:55
2025-10-02

23:22
2025-10-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.