Бишкекте таңга маал конок үйдөн өрт чыкты

29-ноябрда таңкы саат 04:55 чамасында Күрөңкеев көчөсүндөгү туристтик конок үйдөн өрт чыкты. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, конок үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры күйдү. Өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм жана 1 штаб тартылды.
Өрт 06:30 чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилерин айтышты мекеменин маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.