super.kg logo
  Саясат  

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочусу: "Парламенттик шайлоо ачык жана таза өттү"

 

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочусу Ерик Ашимов парламенттик шайлоо таза жана ачык өткөнүн белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-ноябрда брифингде билдирди.

"Эл аралык байкоочуларды чакыруу шайлоону таза, ачык өткөрүүгө болгон аракет. Бардык партиялар бирдей шартта үгүт иштерин жүргүзүштү. Шайлоо тилкелеринде жабдыктар камсыздалды. Шайлоо алдында иденфикация жүрдү. БШКнын ишмердүүлүгү сайтында чагылдырылып турду. Санитардык эрежелер сакталып жатты. Иштелип чыккан алгоритмде иш алып барылды. Добуш берүү учурунда байкоочуларга даттануу түшкөн жок. Парламенттик шайлоо ачык, таза өттү. Кыргыз өлкөсүнүн элин шайлоонун таза өтүшү менен куттуктайт", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: