super.kg logo

COVID-19дун жаңы штаммы тынчсызданууну жаратууда. Министрлер кабинети чукул кеңешме өткөрдү

 


Министрлер кабинети COVID-19дун жаңы аныкталган Омикрон штамм боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашат.

"Омикрон деп аталган COVID-19дун жаңы штаммын дүйнөлүк уюм "тынчсызданууну жараткан" штаммдардын тизмесине киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова республикадагы туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн республиканын калкынын арасында эмдөө иштерин тездетүү зарыл экенин айтты. Анткени омикрон штаммы башка COVID-19 штаммдарына салыштырмалуу өтө тез жайылуу жөндөмүнө ээ.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн жаңы штаммдын пайда болушуна байланыштуу ресурстарды мобилизациялоо жана чараларды күчөтүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынарын билдирди. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине коронавирустун жаңы штаммынын республиканын аймагындагы жайылышын алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Тараптар массалык эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жападан жалгыз натыйжалуу ыкмасы экенине макул болушту", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
29.11.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шайлоо буткондо келет деп атышпады беле келген турбайбы
29.11.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
modem4999,мурда эле келген.шайлоо отсун деп кутуп турса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: