super.kg logo
  Саясат  

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон Бек Борбиев: "Таза шайлоо болгон жок. Аман болгула, эки дос"

 

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон бир топ саясий партияларды, талапкерлерди байкоого болот. Алардын катарында Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев дагы бар. Ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына мындай билдирүү калтырган:

"Таза шайлоо болгон жок, ( мен болот го деп ойлогом, эл башындагы эки жигит кайсады. Аларга керек жерде админстративдик ресурс иштеди. Өтө кир. Оңолбойт экенбиз. Мен позиция болуп туруп, оппозиция болуп бийликке, оппозиционер болуп иштегенге туура келди. Унчукпадым. Считается уттуңар не болсо дагы. Анткени туура эмес кылганыңды эл көрүп, билип турат. Аман болгула, эки дос" (ред. тексттин орфографиялык жана грамматикалык стили сакталды).

Бек Борбиев "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Алдын ала жыйынтык боюнча, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы жалпы шайлоочулардын 16.44 пайыз добушуна ээ болуп, парламентке өттү. Болжолдуу түрдө аталган партияга 15 мандат берилет. Бек Борбиев шайлоочулардын 1.06 пайыз добушун алып, парламентке өтө турган тизмеге кирбей калды. Учурда БШК бюллетендерди кол менен саноону улантууда, жогорудагы жыйынтыктарга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: