super.kg logo

"Ынтымак" партиясы атаандаштарын татыктуу жеңилип, элдин кызыкчылыгын жогору коюуга чакырды

 

"Ынтымак" саясий партиясы шайлоочуларга жана башка партияларга кайрылуу жасап, шайлоо таза өткөндүгүн билдиришти. Кайрылуу партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Президенттин саясий эркинин аркасында таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. Бийлик шайлоо процессине кийлигишкен жок. Саясий көз карашына карабастан, ар бир адам, партиялар да, талапкерлер да бирдей шартта үгүт иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул саясий мелдештин жогорку деңгээлин камсыз кылды.

Акыркы мүнөттөргө чейин баары Жогорку Кеңеште өткөн шайлоо өнөктүктөрүнөн айырмаланып, партиялардын, талапкерлердин кимиси жеңип, кандай жыйынтык менен чыгаарын билишкен жок. Бул дагы шайлоонун таза өткөнүнүн негизги көрсөткүчү.

Алдын ала жыйынтык боюнча “Ынтымак” партиясы парламентке өттү. Биз жеңишибиз менен сыймыктанабыз жана аны чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. Биздин жеңишибиз – бул өлкөдөгү конструктивдүү жана жаратман күчтөрдүн жалпы жеңиши, ал Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө сөзсүз түрдө түрткү берет.

Шайлоо кампаниясынын бардык катышуучулары шайлоочулардын эркин татыктуу кабыл алат деп ишенебиз. Кыргыз эли өз сөзүн айтты.

Аны таанып, урматтоо керек. Анын үстүнө добуштарды “кол менен” саноонун жыйынтыгын күтпөй, өлкөдөгү кырдаалды солкулдатуу жоопкерчиликсиздик.

Үгүт өнөктүгү учурунда бардык партиялар жана талапкерлер Кыргыз өлкөсүндөгү тартип, туруктуулук жана тынчтык алар үчүн башкы баалуулук экенин айтышты. Андыктан азыр муну сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүү зарыл.

“Ынтымак” партиясы 28-ноябрда шайлоо участкаларына келип, өз тандоосун жасаган бардык тарапташтарына жана ар бир адамга ыраазычылык билдирет.

Алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясатчыларга кайрылабыз. Ар бир саясатчы үчүн татыктуу жеңилүү – пилотаж. Анын жетилгендигинин көрсөткүчү. Элдин кызыкчылыгын жогору койгондор гана өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн саясий амбицияларына көлөкө түшүрө алат", - деп жазылган кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.11.2021. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эруланга рахмат айткыла ошонучун барып ынтымак отту
29.11.2021. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки достун көлөкөсүсүңөрда силер, ошого өттүңөр. Эки доско караштуулар бүт өттү)).
29.11.2021. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Былтыры "Мекеним Кыргызстан" партиясы да ушул созду айткан, элдин добушун сатып алып, шайлоодо утуп келип......
29.11.2021. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Быйылкы ЖКдан Теке менен Адаханды көрүш керек эле, экөөлөп эки досту жүдөтмөк блин, тилеке каршы алардын ордуна саясий аренада тажрыйбалары мёртвый болгон Эл үмүтү менен Ыйман нуру өтүптүр!))
29.11.2021. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайра эле баягы Эски жуздор.
30.11.2021. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силердин партиянар отпой калып ушул создорду жазганынарда аябай чындыка жакындамаксынар.Ишинерге ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: