super.kg logo
  Саясат  

Коопсуздук кеңешинин төрагасы: "Добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого кызыкдар эмеспиз"

 

Коопсуздук кеңешинин төрагасы Марат Иманкулов КТРКнын түз эфиринде сүйлөп жатып БШК имаратында митингге чыккан партиялардын өкүлдөрүнө кайрылды.

"Мен да, президент да добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого кызыкдар эмес. Мага өтпөй калган партиялар Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында митинг өткөрүп жатканын айтышты. Добуштарды кол менен эсептөөнүн протоколдорун көрсөтөбүз. Мен бул саясий бирикмелерди чакырып, түшүндүрөм. Керек болсо, бюллетендерди кайра санайбыз. Биз эч кимден коркпойбуз. А бизде корко турган, жашыра турган эч нерсе жок. Болгону биз бардыгы адилеттүү болушун каалайбыз.

Техника - бул техника. Ошондуктан жободо ар кандай себептерден улам системада кандайдыр бир бузулуулар болсо, электр жарыгы өчүп калышы, кабели үзүлүп калышы мүмкүн, мындай учурларда кол менен эсептөө бар. Ал гана расмий жана акыркы болуп саналат. Биз алардын жыйынтыгын күтөбүз. Утулууну дагы кабыл алуу керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өлкөдө парламенттик шайлоо болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: