super.kg logo

БШК саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып, сайты иштебей калганы боюнча толук маалымат берет

 

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүн чакырып, сайты иштебей калганы боюнча толук маалымат берет. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова нааразычылык билдирип чыккан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып жатып айтты.

Ага ылайык, БШК расмий сайтында маалыматтарды көрсөтүүдөгү мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурайт.

"Бирок биз ар бир автоматтык эсептөөчү система (АЭС) колдонулган добуштарды эсептөө системасынын ишенимдүүлүгүнө кепилдик беребиз. Ар бир AЭСдан маалымат чогултуу программасы так жана туура иштейт.
Учурда добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана жарыяланды. Бул шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, эч кандай юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат. Мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат.
Учурда кол менен эсептөөнүн протоколдорун кабыл алуу улантылууда. Белгиленген тартипте шайлоонун маалыматтары сайтта жарыяланып турат", - деп жазылат БШКнын сайтында.
Саат 18:15ке карата кол менен эсептөө 410 шайлоо участкасынан келип түштү. Бул өлкө боюнча жалпы участкалардын 16,44 пайызын түзөт.
Белгилей кетсек, кечээ шайлоо тилкелери жабылган соң БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакытка иштебей туруп калган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.11.2021. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалыматты эмки жылы береби, качан саат канчада ошону айт
29.11.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шайлдабекова шайлоонун ашмалтайын чыгарды. Силер өттүңөр деп, кайра өтпөдүдүңөр деп. 10 партия 5 пайыздык босогодон өттү деп жарыялап не кылат. Кыскасы шайлоону жараксыз деп таануу керек. Болбосо айтылган 10 партияны өткөрүү керек. Кечирим сураган менен эч нерсе өзгөрбөйт.
29.11.2021. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иши кылып алдап кеттида бшк
29.11.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колдо санасанар анда эмнеге апараттын кереги бар. Апаратка ишенбесенер.
29.11.2021. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми кол менен санаганга ким ишенет
29.11.2021. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байсалов чыгып "саботаж, диверсия" болду деп айтты. Коопсуздук Кенешинен Иманкулов "20дан ашуун олкодон хакердик чабуул болгон" деп элди ишендирууго аракет кылды. Эми туштон кийин баары созунон кайтып, Шайлдабекова айткан, 2 таблица кошулуп калган дегенге токтошту. 2 таблица шамалдан качып бир-бирине жабыша калышкан имиш......

Аферист башында турган бийликте жомокчуларсыз жашоо зеригичитуу болуп кетпейби......))
Antiradikal10 түзөттү 2021-11-29 21:38:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: