super.kg logo

Равшан Жээнбековдун уулу Садыр Жапаров атасына добушун бергени боюнча комментарий берди

 

Президент Садыр Жапаров добушун эмнеге камактагы Равшан Жээнбековго бергенин социалдык тармактагы баракчасына жазган. Бул боюнча Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан төмөнкүлөрдү билдирди.

"Садыр Жапаров өзү көп жакта саясий туткун болгонун айтып жүрөт. Менин атама добуш берип, ал боюнча пикирин билдиргенден кийин президент дагы атамды саясий туткун деп өзү таанып жатат. Демек, демократиялык өлкөдө саясий туткундарды кармабаш керек.

Албетте, президент демократия үчүн күрөшкөн адамга добуш бергени жакшы", - деп билдирди ал.

Ошондой эле ал таза шайлоо өтпөгөнүн кошумчалап өттү.

Маалымат үчүн:

Экс-депутат Равшан Жээнбеков №26 Ленин округунан шайлоого катышты.

5-августта Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 2 айга камакка алынган. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кой-Таш окуясына байланыштуу экендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
29.11.2021. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атаңдын гейлерди колдогону үчүн уяласыңбы?)
30.11.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демократия деп салтка туура келбеген нерселерди жасаганы учун,суйлогону учун омур бою камалышы керек.Демократияны Равшан эле биле бекен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: