super.kg logo
  Саясат  

Карыларды колдоого карата жарыяланган бир айлык жыйынтыкталды

 

Социалдык өнүгүү министрлиги карыларды колдоого карата жарыялаган бир айлыкты жыйынтыктады. Иш-чараларга бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 25 миллион 207 миң сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бир айлык өкмөттүн токтомуна ылайык өтүп, анын алкагында кайрымдуулук акциялары жана майрамдык салтанаттар өткөрүлдү. Өлкө боюнча Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, акысыз юридикалык кеп-кеңеш, концерт, сынак, чыгармачыл жамааттар менен тамактануу уюштурулду. 

 

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, тылда эмгектенгендерге, карыларга жалпысынан 24 596 440 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү. Карылар үчүн социалдык стационардык мекемелерге 162 650 сом, социалдык муниципалдык мекемелерге 65 800 сом, карылар үчүн  жеке менчик 4 жатак-үйгө 66 500 сом жана коомдук уюмдар үчүн 316 миң сом бөлүнүп берилди. 

 

Бир айлыктын жыйынтыгы боюнча 22 мамлекеттик орган отчёт берсе, 24ү бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: