super.kg logo

Америкалык компания омикрон жаңы штаммына каршы вакцина иштеп чыгат

 

Америкалык Johnson & Johnson фармацевтикалык компаниясы коронавирустун омикрон жаңы штаммына каршы вакцина иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылат.

Маалыматка ылайык, аталган компания Түштүк Африканын окумуштуулары менен биргеликте компаниянын өзүндө өндүрүлгөн вакциналардын коронавирустун башка түрлөрүнө, анын ичинде омикрон штаммына болгон эффективдүүлүгүн сыноодон өткөрүүнү баштайт.

Ошондой эле учурда бир катар өлкөлөрдө катталып жаткан омикрон штаммына каршы вакцинаны иштеп чыгуу алдында турат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы В.1.1.529 штаммынын аталышын грек тамгасы менен omicron деп атаган.

Ал эми Израилде коронавирустун омикрон штаммы катталган соң өлкө чет элдик жарандарга чек арасын жапкан.

Мындан тышкары Израиль, Гонконг, Ботсвана, Бельгия, Британия, Австралия, Германия жана Италияда бул штамм аныкталган. Мындан улам көпчүлүк өлкөлөр бул штамм катталган мамлекеттерге аба каттамдарын токтоткондугу кабарланган.

Ал эми 29-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн министрлер кабинети COVID-19дун жаңы аныкталган омикрон штаммы боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен чукул кеңешме өткөрдү

Ошондой эле Түштүк африкалык дарыгер Анжелик Кутзее бул штаммдын алгачы белгилерин айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: